24.kg
12:31, 06 июля 2020, 24.kg

Сатылып алынган кычкылтек концентраторлордун негизги бөлүгү Бишкекте калат

Чет мамлекеттен сатылып алынган кычкылтек концентраторунун негизги бөлүгү Бишкек шаарында калат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.

Анын айтымында, «Дордой» ишкерлери акча чогултушуп 29 кычкылтек концентраторун сатып беришти. Алар Россиядан алынган. Анын ичинен 13 кычкылтек концентратору Ошко жеткирилген, ал эми 16 концентратор ишемби күнү «Ганси» авиабазасына жөнөтүлгөн.

«Өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентратор сатып алган. Дагы 50 концентратор Турциядан келди. Алардын ичинен 100 концентратор Ош шаарына жана Ош облусуна жөнөтүлдү, Чүй облусуна болсо 50нү, ал эми Бишкекке 400 концентратор калтырылды. Себеби Бишкекте ооруга чалдыккандар көп катталууда», — дейт Мадамин Каратаев.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 7 миң 691ге жетти. Анын ичинен 2 миң 843 айыккандар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18