24.kg
12:17, 06 июля 2020, 24.kg

Сузактагы кордолгон аял күйөөсүн эмне үчүн кечиргендигин айтты

Социалдык тармактарда күйөөсү тарабынан кордолгон Дильробонун видеосу коомчулуктун кыжырын келтиргени баарыбызга маалым. Ошондой эле эл күйөөсүн жазалоону талап кылган. Бул окуядан соң Дильробо Сузак районунан аймактык каналга интервью берген.

Ал күйөөсүн кечирген жана мындан ары дагы бир үйдөн түтүн булатууга бел байлаган. Анын айтымында, күйөөсү жаман киши эмес.

«Биз 26 жыл бирге жашадык. Ушул жылы уулубузду үйлөнтөбүз деген үмүтүбүз бар. Биз мындан ары да чогуу жашап, неберелерибизди бирге тарбиялайбыз. Окуядан кийин эл менин күйөөм жөнүндө жаман пикир калтырышууда. Бирок ал андай начар адам эмес. Ал өзүн жоготуп койгон. Мен аны кечирдим, жогорку билимдүү жакшы адам», — дейт Дильборо.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.

Кордолгон аял милиция бөлүмүнө арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18