24.kg
10:04, 06 июля 2020, 24.kg

Бишкекте ооруканалардын биринде орун жок болсо, дагы биринде дарыгерлер жетишсиз

Бишкек шаарындагы ооруканаларда орун жок. Бул тууралуу калаанын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова маалымдады.

Ыкчам медицина борбору анын айтканын ырастап, чынында стационарлар толуп, ал жакта кабыл албай жаткандыктарын билдиришти.

Калаанын төрт районунда жайгашкан күндүзгү стационарлар илдеттин оор түрүн дарылашпайт, бул жакта болгону тамчылатма дары, укол жана дарыгерлерден кеңеш гана алууга ылайыкташтырылган.

Ден-соолугу начарлап, коронавирустун белгилери байкалып, аба жетпей кыйналып Саламаттыкты сактоо министрлигине, же мэрияга, же республикалык штабдан жардам албаган бейтаптарды эмне кылса болот.

Жеке ишкерлер ишканаларын стационар катары берип жатканы менен ал жактан оорунун оор түрүнө эч кандай жардам көрсөтүлбөйт же дарыгерлер жетишсиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18