24.kg
09:26, 06 июля 2020, 24.kg

«Азаттык» радиосунун белгилүү журналисти Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева көз жумду. Алдын ала маалыматтарга караганда ал, кечээ, 5-июлда коронавирус илдетинен улам каза болгон.

«Кыргыз маданияты жана журналистика чөйрөсү, «Азаттык» радиосу орду толгус жоготууга учурады. 5-июлда журналист Бүбүкан Досалиева күтүүсүз оорудан улам 62 жашында дүйнө салды», — деп билдиришти кесиптештери.

Бүбүкан Досалиева саясий илимдеринин кандидаты болгон. Буга чейин КТРК жана «Сары-Өзөн Чүй» телекомпанияларында эмгектенген.

24.kg агенттигинин жалпы жамааты Бүбүкан Досалиеванын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18