24.kg
13:32, 03 июля 2020, 24.kg

Юрист Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоону суранып жатат

Жактоочу Канат Хасанов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго экс-премьер-министр Мухаммедалый Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоо арызы менен кайрылды.

«Бул арызды Бирдиктүү реестрге Мухаммедкалый Абылгазиевге өзүнүн ыйгарым укуктуу премьер-министрлик кызмат учурунда өлкөдөгү болуп жаткан абалга шалаакылык кылгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, каттап койуңузду өтүнөм. Ал кызмат ордунан шалаакылыгы менен коронавирустун таралуусуна алып келди. Бул кайдыгерликтен улам 120га жакын адам көз жумду, мындай мамилеге өтө оор кылмыш иши козголушу керек», — деп баса белгилеген Канат Хасанов.

Аны менен катар, жарандык активисттер Кыргызстанга коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн эл аралык финансы институттарынан которулган акчалардын кайда жумшалгандыгы тууралуу текшерүү жүргүзүүнү суранышууда.

Эске сала кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев өз эрки менен отставкага кеткен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18