24.kg
12:39, 03 июля 2020, 24.kg

Айнура Акматова дарыгерлердин бүгүнкү абалы тууралуу айтып, ыйлап жиберди

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова республикалык штабдын брифингинде бүгүнкүн күндөгү абал тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди.

Анын айтымына, саламаттыкты сактоо тармагында жана дарыгерлердин бүгүнү күндө абалы өтө оор.

«Тез жардам унаасын өздөрү түрткөн дарыгерлер тууралуу айтсам. Албетте дарыгерлердин жумушу өтө оор болуп турат. Бирок, ага карабастан алар бейтапка убагында жетип, тез жардам көрсөтүүгө аракет кылышууда. Унаа албетте бул техника. Бейтапты алып бара жаткан жеринен бузулуп калышы да мүмкүн», -деп ыйлап жиберди.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дарыгерлер тез жардам унаасын өзүлөрү түртүп бара жаткан видео тараган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18