24.kg
12:09, 03 июля 2020, 24.kg

Тоң районунда унаа оодарылып кетип айдоочусу жабыркады

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда унаа оодарылып кетип айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, айдоочу унааны башкара албай калган.

«Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2-июль күнү саат 12:54 чамасында Төрт-Гүл айылында «Фольксваген-Туарег» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 1983-жылы туулган айдоочусу жеңил жаракат алган», — деп берилет маалыматта.

Окуя болгон жайга ӨКМдин № 38 ӨКБ куткаруучулары жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунудагы жол кырсыктан улам төрт адам каза болгону белгилүү болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18