24.kg
11:40, 03 июля 2020, 24.kg

Россия коронавируска каршы препарат экспорттой баштады

Коронавирус илдетин дарылоо үчүн Россия Федерациясы «Авифавира» препаратын экспорттой баштады. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Россия препаратты алгач Белорусияга экспорттоп баштаган.

«Жакында Казакстанга жеткирүү пландалууда, ал эми Латын Америкасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коронавируска каршы даярдалган дары Россия Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан май айында жактырылган», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин бул препарат Эбола оорусун дарылоо үчүн колдонулуп келген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18