24.kg
11:29, 03 июля 2020, 24.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыктан төрт адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыктан улам төрт адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 48-чакырымында «Хонда-Степвагон» жана «Ауди-100» унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыктан улам төрт адам каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

«ӨКМдин кызматкерлери маркумдардын сөөктөрүн унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жабыркагандар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18