24.kg
10:53, 03 июля 2020, 24.kg

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 11 миллионго жетти

Акыркы сутканын көрсөтмөсү боюнча дүйнө жүзүндө 175 миң 199 бейтаптан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-карта тастыктайт.

Photo 169189

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 10 миллион 842 миң 416 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 2 миллион 739 миң 230 АКШда катталды. Бразилияда —1 миллион 496 миң 858, Россияда — 660 миң 231, Индияда — 604 миң 641, Перуда — 260 миң 810, Улуу Британияда — 307 миң 982 жана Чилиде — 250 миң 767 учур.

Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 5,7 миллион адам. Бир сутка ичинде 102 миң 375ке өстү.

Каза болгондордун саны 520 миң 785ке жетти. Биринчи күндүн көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5 миң 239га өстү. Анын ичинде АКШда — 128 миң 742, Бразилияда — 61 миң 884, Улуу Британияда — 44 миң 80, Италияда — 34 миң 818, Францияда — 29 миң 878.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6 миң 767, Казакстанда — 42 миң 574, Өзбекстанда — 9 миң 78, Тажикстанда-6 миң 58.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18