24.kg
10:36, 03 июля 2020, 24.kg

Саясатчы мейманкананы ижарага алып, бейтаптарды дарылоого берди

Бишкекте мейманкалардын бири пневмония менен ооругандарды дарылоо үчүн берилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, «Республика» парламенттик фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов 40 орундуу отелди ижара алып берген.

«Ал беш дарыгерге жана 15 медайымдын айлык акысын төлөп бере турган болду. Ошондой эле аларга үч маал тамак уюштурулат. Бул убактылуу бөлүм күн сайын дезинфекцияланат», — дейт Мирлан Жээнчороев.

Ал кошумчалагандай, кечээ мейманкананын имаратын вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, саламыттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов, ӨКМдин жетекчилери жана Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова болуп биргеликте барып жарактуулугун көрүп келишкен. Мейманканага илдеттин орто жана жеңил түрү менен ооругандар жайгаштырылаары маалым болду.

Расмий маалыматтарга караганда, 1 миң 247 бейтап пневмония менен ооруп жатат. Бул ооруканага жаткырылгандардын гана саны.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18