24.kg
10:18, 03 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада вирустан 10, пневмониядан 23 адам каза болду

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болуп, жалпы саны 76ны түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Бишкекте Кыргыз-Түрк достук ооруканасында дарыланып жаткан 58 жаштагы аял, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 54 жаштагы эркек киши көз жумду.

Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы медик айым набыт болду.

Ош шаарынын клиникалык ооруканасында жана Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы эки бейтап көз жумушту.

Чүй облусунда Ысык-Ата аймактык ооруканасында 5 бейтап кайтыш болду. Алардын үчөө 64,66,80 жаштагы эркек кишилер, экөө 62,63 жаштагы аял.

Министрликтин маалыматында, бир суткада 23 киши пневмония оорусунан көз жумуп, набыт болгондордун саны 120га жетти.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18