24.kg
16:05, 02 июля 2020, 24.kg

Бишкекте таксисттерге иштөөгө уруксат берилди

Бишкекте таксилер эс алуу күндөрү дагы иштей беришет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айымында, такси кызматына санитардык норманы катуу көзөмөлдөө шарты менен гана уруксат берилди.

«Дем алыш күндөрү коомдук транспортту чектөө жөнүндө» жарлыкка борбор калаанын вице-мэри, эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын төрагасы Татьяна Кузнецова киргизген.

Мэрия суук тийүүнүн жана грипптин белгилери байкалган таксисттерди жумушка чыкпай турууларын өтүндү. Ошондой эле коргонуу үчүн бет кап кийип, антисептик колдонууну милдеттендирди. Унаанын ичи таза жана убакубагы менен желдетилип туруусу керек.

Таксисттер менен бирге эле жүргүнчүлөр дагы санитардык норманы сактап, жеке коргонуучу каражаттарды анына алып жүрүүгө тийиш.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18