24.kg
15:31, 02 июля 2020, 24.kg

Жайыл районунда сарай өрттөнүп 500дөн ашуун балапан тирүүлөй күйүп кетти

Чүй облусунун Жайыл районунда сарай өрттөнүп ичиндеги 550 балапан тирүүлөй күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт 2-июлда болжол менен саат 00:55тер чамасында чыккан.

«Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Вокзальный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган сарай күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен улам, сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана ичиндеги 550 балапан күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстан бонча 2-июлга карата 18 өрт катталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18