24.kg
14:44, 02 июля 2020, 24.kg

Валентина Шевченко дүйнөлүк аренадагы сыйлыктын эки категориясына көрсөтүлдү

Кыргызстандын сыймыктуу мушкер айымы, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко «World MMA Awards» эл аралык сыйлыгынын эки категориясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган премиянын башкы сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал аялдар арасында өтө турчу «Жылдын мушкер айымы» категориясында Вэйли Чжан, Кайла Харрисон, Крис (Сайборг) Джустино жана Аманда Нуньес менен ат салышат. Ошондой эле Валентина Шевченко «Эл аралык аренада жылдын мушкери» категориясына да тандалган. Анда ал Вэйли Чжан, Камару Усман, Исраэль Адесанья жана Аунг Ла Нсанг мушкерлер арасында болот.

Айта кетсек, «World MMA Awards» 2008-жылы «Fighters Only» журналы тарабынан түзүлгөн. Анда жалпы 22 наам бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18