24.kg
13:42, 02 июля 2020, 24.kg

Медициналык кызматкер июнь айынын айлыгы 3 миң 337 сом чыкканын жазып чыкты

Медициналык кызматкер июнь айынын айлыгы 3 миң 337 сом чыккандыгы тууралуу жазып чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

Маалым болгондой, мед кызматкер айлык маянасынын чегин сүрөткө тартып жүктөп, саламаттыкты сактоо тармагындагы абал тууралуу баяндаган. Ошоной эле дарыгерлердин айлык маянасы мурдакыдан дагы кыскартылган.

«Июнь айындагы айлыгымды алдым. Чындыгында дарыгерлерге «кошумча төлөм» кошулду деген маалымат бардык эле дарыгерлерге таандык эмес. Кошумча төлөм коронавируска каршы күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлер жана илдетти жуктуруп алгандарга гана берилди. Ал эми өзгөчө абал учурунда коопсуздук кызматынын кызматкерлери үч эселеп айлык алышкан. Калган 90 пайыз дарыгерлер өздөрүнүн аз акчаларын гана алдык. Ал аз келгенсип ошол айлыгыбыздан дагы кыскартылды», — деп жазат дарыгер.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18