24.kg
11:04, 02 июля 2020, 24.kg

Ырчы Мирбек Атабеков эки кычкылтек концентраторун сатып алууга акча бөлдү

Ырчы Мирбек Атабеков эки кычкылтек концентратор сатып алууга акча бөлдү. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Ал жеке ишкердин кычкылтек концентраторун сатып алууга чакырыгын колдоп, акча которду.

«Мындай кыйын күндө өлкөгө ортодо жардам берели. Бизде 100 миң эмес, андан көп акча бөлө турган бай инсандарыбыз бар», — дейт Мирбек Атабеков.

Кыргызстанда учурда 473 ИВЛ жана 610 кислороддук концентратор бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, дагы кеминде 220 ИВЛ аппарат жана 2 миң кислород концентратор керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18