24.kg
11:03, 02 июля 2020, 24.kg

Сузакта аялын сабаган адам эки жыл пробациялык көзөмөлгө алынды

Сузактагы аялын аёосуз сабаган киши күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Акыйкат» укук коргоо уюму маалымдады.

Белгилүү болгондой, сот айыпталуучуну эки жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган. Ал сот залында камактан бошотулду.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда күйөөсү аялынын эки колун таңып, дөңгөлөк байлап, жаакка чаап, башынын ылдый суу куюп сабаган видеосу тараган. Аны менен катар бул көрүнүштү видеого тартууну буюрат. Соттун чечими менен ал 15 күнгө камакка алынган.

Кордолгон аял млиция бөлүмүнө арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18