24.kg
16:57, 01 июля 2020, 24.kg

Бишкекте кайра чектөө. Тойкана, караоке-клубдар, оюн-зоок жайлары жабылат

Бишкек шаарынын аймагына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн брифингде мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспорттун, кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайлардын ишине чектөө киргизилет.

«Кафе ресторандан эртең мененки саат 8.00дөн кечки 8.00гө чейин иштейт. Супермаркеттер, соода борборлору саат эртең мененки 7.00дөн кечки 7.00гө чейин, базарлар күн сайын саат 6.00дөн баштап кечки 5:00гө чейин иштейт», — дейт Азиз Суракматов.

Велосипед ижарага берүү пункттары, балдар оюн аянтчалары менен батуттарды иштетүүгө тыюу салынды.

«Тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. ААК «Северэлектро» жана «Бишкекводоканалга» кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандугу үчүн суу жана электр жарыгын өчүрүү сунушталат», — дейт каала башчысы.

Андан тышкары, балдар оюн —зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары дагы иштебейт. Мэрия парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө койду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18