24.kg
16:25, 01 июля 2020, 24.kg

Бишкек шаарындагы ооруканаларда орун жок. Бейтаптарды «Семетей» гана кабыл алат

Бишкек шаарындагы ооруканаларда орун жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо агенттигинен билдиришти.

Социалдык тармакта № 1 оорукана эс-учун жоготкон бейтаптарды дагы кабыл албай жаткан видео жарыяланган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эртең менен эле № 1 оорукана пневмония менен кайрылгандарга толгонун айткан. Ал Урология борборунда 17 бош керебет бар экенин белгилеген.

«Учурда орундар толду. Азыр бейтаптарды «Семетей» обсервациясы гана кабыл алат», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, «Манас» аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациясы жеңил жана орто абалдагы бейтаптарга ылайыкташтырылган.

Ал эми коронавирус аныкталгандарды Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы жана Республикалык инфекциялык клиника кабыл алат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18