24.kg
15:48, 01 июля 2020, 24.kg

Кыргызстандын дарыгерлери коомчулукка, саясатчыларга жана өкмөткө кайрылышты

COVID-19 илдети менен күрөшкө жогорку жана орто билимдүү медициналык кызматкерлерди ыктыярдуу түрдө мобилизациялоо зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандагы дарыгерлердин кайрылуусунда айтылат.

Алар Саламаттыкты сактоо министрлигине медик-волонтерлордун кыймылын түзүүнү сунуштайт.

«Республикалык штаб эл аралык медициналык коомчулук менен сүйлөшүп, коронавирус менен күрөшкө тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуусу керек», — дейт медиктер.

Инфекциялык бөлүмдөрдө иштеген медкызматкерлер үчүн онлайн окутууларды жүргүзүү сунушталууда.

Кыргыз дарыгерлери саясый партиялардан шайлоого чыгымдардан баш тартып, акчасын дарыгерлерге коргоочу кийимдерди алып берүүгө, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылууга чакырат.

«Коомчулукту жамааттык, үй-бүлөлүк иш-чараларды азайтып, санитардык талаптарды кармоого чакырабыз», — дейт дарыгерлер.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18