24.kg
11:32, 01 июля 2020, 24.kg

Мээрбандар жетишпейт. Бишкектеги медиктердин 30 пайызы ооруп жатат

Саламаттыкты сактоо тармагы медицина кызматкерлерине муктаж. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги медиктердин 30 пайызы ооруп жатат.

«Биз орто персоналга муктажбыз. Медиктерди бат эле даярдап коюу албайбыз. Анүстүнө 60 жаштан ашкан кызматкерлер жумушка тартылбайт. «Тез жардам» кызматындагы унааларды көбөйткөнүбүз менен адистер жетишпейт. Бул кызматта иштөөнүн дагы өзгөчөлүктөрү бар. Аны өздөштүрүүгө убакыт керек», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министрлиги мээрбандарды ишке чакырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18