24.kg
10:52, 01 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей убактылуу ооруканага айланат

Бишкек шаарындагы № 1 ооруканадагы 170 орун пневмония менен кайрылган бейтаптарга толду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки маалымат боюнча Бишкектеги Урология борборундагы бош 17 орун бар.

«Урология борбору менен № 1 оорукананы биз оор абалдагы бейтаптар үчүн колдонулу дегенбиз. Орточо абалдагыларды «Гансиге» жөнөтөбүз. Азыр ал жакка 130 адам жаткырылып, 70 орун бош. Кошумча дагы 200 орун даярдалууда», — деди Мадамин Каратаев.

Өкмөт Бишкек боюнча 750 орун даярдамакчы.

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейде дагы 150 орун ачылат. Бирок, ал жерге керебеттен сырткары дагы тийиштүү жабдуулар жана медиктер керек.

Мадамин Каратаев.

Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 5 миң 735.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18