24.kg
10:34, 01 июля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бейтаптар оорукананы шартына карап тандоодо

Акыркы суткада Бишкек шаарындагы ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, министрлик коронавирус инфекциясынын анализине карабай бейтаптарды кабыл алууга уруксат берүүсүнөн кийин медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны өстү.

«Биз «Тез жардам» кызматы жетишпей жаткандыктан элдерге өздөрүнүн унаасы менен ооруканага барууга уруксат бергенден кийин Улуттук госпиталга кайрылгандар көбөйдү. Көптөр илдеттин жеңил түрү менен ооругандыгына карабай жаткырууну талап кылууда. Абалы орточо болгондорду «Манас» аэропортунун жанындагы «Ганси» обсервациясына жөнөтөлү десек, жоок шаардагы ооруканадан орун талап кылып болбой жатышат. Сервиске эмес, клиникалык шарттарга көңүл бөлсөк. «Гансиде» дарыланууга ылайыктуу шарттар бар», — дейт Мадамин Каратаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18