24.kg
17:22, 30 июня 2020, 24.kg

УКМК Алмазбек Атамбаевдин кантип ооруп калганын айтып берди

УКМК Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү коомчулукка калп маалыматты жарыялап жатканын айтат.

Мекеменин билдирүүсүндө, мурунку президенттин ооруканага жаткырылышы боюнча анын жакындары туура эмес маалыматтарды таркатууда.

«Атамбаевдин үй-бүлөөсүнүн бул кайрылуусу менен аны саясий туткун катары көрсөтүп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында, атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, кылмыш ишин саясий өңүткө бурууга аракет кылып жатышат деп эсептейбиз», — дейт УКМК.

УКМК Алмазбек Атамбаев акыркы жумада бир нече жолу адвокаттар жана туугандары менен, ошондой эле жактоочу Замир Жоошев менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганын айтат.

«Расмий маалыматтарга караганда, адвокат Замир Жоошевден вирустун айрым белгилери байкалып, COVID-19 вирусунун белгилери менен Ысык-Ата аймактык ооруканасында дарыланып жаткан, бирге жашаган апасы менен байланышта болгондугу аныкталган», — дейт мекеме.

Алмазбек Атамбаев учурда Бишкек шаарындагы президенттин иш башкармалыгынын атайын ооруканасында дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18