24.kg
16:10, 30 июня 2020, 24.kg

Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Быйыл 110 жылдыгы белгиленет

Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, китептин автору эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы — Гапыр Мадаминов.

Китеп Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында жарык көрдү. Анда мамлекеттик ишмердин өмүр таржымалы, инсандык асыл сапаттары, жетекчилик жөндөмү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымы жөнүндө кеңири жазылып, ар бир адамдын инсандык сапаттарын калыптандырууга, руханий жактан өзгөрүүгө пайдалуу маалыматтар камтылган.

Китепте тарыхий, архивдик далилдер келтирилген. Эмгек 1000 нускада жарык көрдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18