24.kg
14:32, 30 июня 2020, 24.kg

Асел Кадырбекованын унаасын сүзүп кеткендер соттун чечими менен 1 айга камалат

Ырчы Асел Кадырбекованын унаасын сүзүп кеткендер Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү кароолго алынган.

«Жол кырсыгы ресстрге катталып, «Жол коопсуздук эрежелерин бузуу» айыбы менен иш козголду. Шектүүлөргө ооруканада кароол коюлду. Свердлов райондук сотунун чечими менен алар бир айга Тергөө абагына камалат», — дейт милиция.

Эскерте кетсек, кырсык 26-июнда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Ырчы Асел Кадырбекова катуу жаракат алып, учурда комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18