24.kg
14:19, 30 июня 2020, 24.kg

Атамбаев пневмония менен ооруканага жаткырылды. Уулу бийликти айыптоодо

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, Атамбаев 29-июнь күнү Алмазбек Атамбаевден ПЦР тест алынган. Бирок, жыйынтыгы вирус жоктугун көрсөткөн.

«Ошол эле күнү дарыгерлер кеңешип, Алмазбек Атамбаевди пневмония дарты менен ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышты», — дейт УКМК.

УКМК Алмазбек Атамбаев туугандары, жактоочусунан, же алар берген буюмдардан вирус жуктуруп алышы мүмкүн экендигин белгилейт.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Facebook баракчасы аркылуу атасынын оорусуна бийликти айыптады. Анын айтымында, мурдакы президентке вирусту атайлап жуктурушту.

«УКМКнын тергөө абагы инфекциянын жайылткычка айланды. Биздин маалымат боюнча камакта отургандардын кеминде онунан COVID-19 табылган, Атамбаевге оору анын жакындарынан жана адвокатынан жукту деген божомол «абсурд». Себеби аны менен жолугушуулар өтө сейрек уюштурулуп, атайын коргоочу айнек аркылуу, беткап кийип өтөт», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18