24.kg
12:41, 30 июня 2020, 24.kg

Президент алдынкы шайлоодо кайсы партияны колдоого аларын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков күзгө өтө турган парламенттик шайлоодо ар бир партияга бирдей шарт түзүлөрүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйында сүйлөгөн сөзүндө токтолду.

Өлкө башчысы шайлоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча айткан жок. Анын сөзүнө караганда Жогорку Кеңешке шайлоо убагында өтөт.

«Эл арасында «тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен» деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү.Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам.Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок», — деди ал.

Ал шайлоодон кайсы партиялар жеңип чыкса дагы иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам.

Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү аяктоодо. Шайлоо мөөнөтү жакынкы күндөрү жарыяланышы керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18