24.kg
12:24, 30 июня 2020, 24.kg

Тоготпогондук. Президент пандемияга карабай той-аш өткөргөндөрдү сынга алды

Пандемия учурунда той-аш өткөрүү — улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Ал өзгөчө абал тартиби алынгандан кийин массалык иш-чаралар көбөйүп жатканын белгиледи.

«Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык», — деди ал.

Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык!

Сооронбай Жээнбеков.

«Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт», — дейт өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков массалык иш-чараларда инфекция жугузгандар көбөйүп жатканын айтты.

«Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок. Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек», -деп тапшырды Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18