24.kg
18:04, 29 июня 2020, 24.kg

Бишкектеги ооруканалар бейтаптарды кабыл ала алабы? Министрликтин жообу

Коронавирус жуктургандар үчүн өлкө боюнча 2 миң 156 орун даярдалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын 767и Бишкек шаарында жайгашкан. Учурда вирус жуктурган 716 дарыланууда. Анын 306сы Бишкек шаарында. Демек ордо каалада бош 361 орун бар.

Андан тышкары, анализи такталбай, бирок, пневмония болгондор үчүн Бишкек шаарында 761 койко-орун даярдалган. Улуттук фтизиатрия борборунун базасында — 38, Темир жол ооруканасында — 40, Улуттук хирургия борборунда — 13, Улуттук госпиталда — 270, Курортология институтунда — 120, № 1 Шаардык клиникалык ооруканасында — 80, «Ганси» обсерваторунда — 200.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18