24.kg
14:16, 29 июня 2020, 24.kg

Ырчы Нурлан Насип Асел Кадырбекованын абалы боюнча кайрылуу жасады

Белгилүү ырчы Асел Кадырбекованын абалы өзгөрүүсүз — оор. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип билдирди.

Ал жубайынын саламаттыгы боюнча такталбаган маалыматтарды таркатуудан этият болууга чакырды.

«Абалы оор бойдон. Пандемияга байланыштуу ооруканага келүүнүн кажети жок», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова өткөн жумада жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун маалыматында, моюн омурткасы, акыреги сынып, башынан жаракат алган. Асел Кадырбекова 3 күндөн бери комада жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18