24.kg
10:18, 29 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 44 медициналык кызматкер ооруп калды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктуруу көбүнчө Бишкек шаарындагы медицина кызматкерлеринин арасында катталууда (23).

«Чүй облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 2, Талас облусунда — 1 медик жуктуруп алды», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 783 учур катталды, алардын ичинен 431 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18