24.kg
09:11, 29 июня 2020, 24.kg

Россияда окуган студенттер атайын каттам менен кайтарылды

Россиядан 393 кыргызстандык студенттер кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер менен бирге каттам менен спортчулар дагы учуп келишти.

«Параолимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн РФ аймагында окуу-машыгууларын өткөрүп жаткан пара пауэрлифтинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү, оор илдеттери бар жана Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтышы керек болгон жарандар келишти», — дейт штаб.

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18