24.kg
18:25, 26 июня 2020, 24.kg

Санкт-Петербург шаарынан Бишкекке 554 кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн Санкт-Петербург шаарынан Бишкекке 554 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Атайын каттам менен 2 жашка чейинки 41 бала, кош бойлуу аялдар, студенттер мекенине кайтып келишти.

Кыргызстандын Россиядагы элчигинин маалыматында, дагы 4 миңден ашык жаран Кыргызстанга кайтып келүү үчүн тизмеде турат.

«Баары бир каттам менен жөнөтө албайбыз. Аптасына Москва-Ош, Москва-Бишкек каттамын ачуу пландалууда», — дейт элчилик.

20-марттан бери Россиядан Кыргызстанга 11 миң 458 жаран 52 учак, 20 транзитттик автобус менен алынып келинди.

 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18