24.kg
10:23, 26 июня 2020, 24.kg

Өкмөт азырынча өзгөчө абал тартибин киргизбейт

Өкмөт азырынча өзгөчө абал тартибин киргизбейт. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штаб кечээ күнкү жыйында эпидиомологиялык кырдаалды карап чыкты.

«Өзгөчө абал тартибин киргизүүнүн зарылчылдыгы жок деген чечим кабыл алынды. Бирок, ишканаларга жумушчуларды үйдөн иштөөгө өткөрүү сунушталды. Андан тышкары, санитардык нормаларды сактоо боюнча маалымдоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды», — дейт Мадамин Каратаев.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 4 миң 202гө жетти. Алардын көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында.

Бишкек мэриясы коронавирус инфекциясы жайыла берсе, Республикалык штабка шаарды 15-20 күнгө жаап салуу сунушталарын эскертти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18