24.kg
10:05, 26 июня 2020, 24.kg

Соцтармак «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды артка кайтарууну суранат

Соцтармак президент Сооронбай Жээнбековдон «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды артка кайтарууну суранат. Бул тууралуу билдирүүлөр социалдык тармакта жарыяланууда.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам кечээ Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Ага 79 депутат «макул», ону «каршы» деген добуш берди. Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Жарандык коом мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө алып келери айтылууда. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18