24.kg
16:19, 25 июня 2020, 24.kg

Белгилүү ырчы Аскат Мусабеков сүйүктүүсүнө баш кошту

Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы Аскат Мусабеков менен кесиптеши Миргүл Асаналиеванын үйлөнүү үлпөт тоюу өтүп жатат. Эки жаш буга чейин "Өмүрлөшүмө" аттуу чыгарманы бирге аткарышкан. Аскат Мусабековдун күйөө жолдоштук жоопкерчилигин ырчы Алтынбек Кыдыралиев мойнуна алган.

Күйөө жолдоштун айтымында, той кыргыздын салты менен өтүп жатат.

«Азыркы учурда кызды алып кетүүгө бара жатабыз. Аскаттын өмүрлүк жары кыргыз элине жакшы ырлары менен таанылып келе жаткан таланттуу ырчы кыз Миргүл Асаналиева», — деп билдирген.

Маалым болгондой Аскат Мусабеков Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынан болсо жубайы Миргүл Асаналиева Кара-Булуң айылынын тургуну.

Эске сала кетсек, Аскат Мусабековдин мурдакы жубайы белгилүү кыякчы Залина Касымова экөөнүн ортосунда бир уул, бир кыз бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18