24.kg
14:42, 25 июня 2020, 24.kg

Депутат: Бул жерде бирөөнүн сөзүн аткарган кулдар бар

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттардын ортосунда кайым айтышуу болду.

Мирлан Жээнчороев коом Гүлзат Асылбаеванын демилгесине эмес кошоматчыларды жоюуга муктаж. Ал парламенттик шайлоодо мындай кандидаттарды шайлабоого чакырды.

«Биз алгач кошоматчылык жолу менен байыгандардан кутулушубуз керек. Көмүр чогултуп алып базарлап жөнөшөт», — дейт Мирлан Жээнчороев.

Ал эми Жанар Акаев чуулгандуу мыйзам долбоорун колдогондорго Кыргызстандагы сөз эркиндиги элдин эмгеги экендигин эскертти.

«Сиз сөз эркиндиги тууралуу айтпай эле коюңуз. Сиз партиялардын тизмегине кирүү үчүн гана бул мыйзам долбоорду колдоп жатасыз», — деди ал кесиптештерине.

Камчыбек Жолдошбаев айрым депутаттардын шайлоо алдында берген убадаларын эстерине салды.

«Мында бирөөнүн цитатасын айтып кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарган кулдар бар», — деп кесиптештерин сестентти. Бирок, алар кимдер экендигин айткан жок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18