24.kg
13:44, 25 июня 2020, 24.kg

Акылбек Жапаров маалыматты манипуляциялоо мыйзам долбоорун колдойт

Депутат Акылбек Жапаров фейктерге каршы күрөшүүнү колдойт. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорду кароодо билдирди.

Анын айтымында, туура эмес маалымат таратып жаткан сайттардын түзүүчүлөрүн жоопкерчиликке тартыш керек.

«Аты жок же жөнү жок отуруп алып оюна эмне келсе ошону жазат. Мындай болбошу керек. Мындай сайттардын жоопкерчилигин караш керек», — деп, ага катар маалыматтын чын же жалган экенин сотко чейин жеткирүүгө каршы экенин билдирди.

«Алмазбек Атамбаевдин жаман сапаттары тууралуу көп айтышты. Бирок анын жакшы жактары дагы бар. Ал мындай прессалардын жумуштарын чектеген жок. Бирок ал бир жолу бирөө жөнүндөгу жалган маалымат анын этин жегенге барабар деп айткан. Ошондон тартып мындай прессалар жоопкерчиликтүүрөөк болуп калган», — дейт Акылбек Жапаров.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18