24.kg
12:52, 25 июня 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеш: Митингдин катышуучуларына депутат Дастан Бекешев чыгып жооп берди

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамга каршы митинг өтүп жатат.

Акциянын катышуучуларына депутат Дастан Бекешев чыгып жолукту. Ал катышуучуларга жарандык позициялары үчүн ыраазычылык билдирди.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоордун кооптуулугу, аны кабыл алгандан кийин жарандардын бардык сөзү жалган деп кабыл алынып калышы мүмкүн.

«Эмне жалган, эмне чын экендигин эртең гана аныктай алабыз. Бул өтө кооптуу. Мен бул акцияга катышууга келгендерге жана онлайн байкоо жүргүзүп жаткандарга ыраазымын. Бүгүн бул мыйзам долбоор парламентте каралат, айрым кесиптештерим жеке пикирлерин өзгөртүшөт деп үмүттөнөм. Сиздер муну добуштун жыйынтыгы менен көрө аласыздар», — дейт Дастан Бекешев.

Депутат бүгүн Жогорку Кеңеште кворум бар экендигин белгиледи. Депутаттар элүү мыйзам долбоор кабыл алышы керек.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери жана медиаэксперттер бул мыйзам долбоорду кодулоо деп баа беришип, жарандардын укуктарын конституциялык жактан коргоо эмес, тескерисинче мыйзам бузууга үндөйт деп билдиришкен.

Депутат Гүлшат Асылбаеваны бул чуулгандуу демилгени алып салууга чакырышкан. Бирок ал бул демилге эң мыкты мыйзам долбоор деп жооп берген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18