24.kg
12:34, 25 июня 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга келип кайрадан анализ тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келгенден кийин COVID-19 вирусуна карата дагы бир жолу тест тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилүү болгондой, Сооронбай Жээнбеков өзүн-өзү изоляциялоода жана ал үйүнөн иштейт.

Коронавирус президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматкеринен тастыкталган. Алардын оорусу жеңил өтүп жатат жана үй шартындагы изоляцияда дарыланышууда.

Калган делегациянын мүчөлөрү менен коштоп барган жактардын анализдери жакшы чыкты. Алардын бардыгы өзүн-өзүн изоляциялоого жайгаштырылган.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков Россиянын борбор калаасында өтүп жаткан Улуу Ата-Мекендик Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата аскердик парадга катышуудан баш тарткан. Анын бирден-бир себеби, президенттин сакчыларынын биринен коронавирус аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18