24.kg
12:18, 25 июня 2020, 24.kg

COVID-19. Санэпид көзөмөлүнөн бир жумада жети жаңы учур катталды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологоиялык көзөмөл департаментинен бир жума ичинде жети жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине департаменттин орун басарынын милдетин аткаруучу Төлө Исаков маалымдады.

Анын айтымында, коронавирус директордун орун басарына, дарыгер-лаборанттарга жана айдоочуларга жукту.

«Бул биздин кызматкерлер байланышта болгон жактар менен иштешишип, мобилдик топтун катарында бар экендиктери менен тушүндүрүлөт», — дейт Төлө Исаков.

Ал COVID-19 эпидемиологиялык маселесине байланышы жок кызматкерлер аралыкта иш алып барууга жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18