24.kg
18:13, 24 июня 2020, 24.kg

Самара Каримованын иниси ырчы Сагын Каримов кыздуу болду

Эмгек сиңирген артист Самара Каримованын ырчы иниси Сагын Каримовдун жубайы көз жарды. Бул тууралуу Самара Каримова өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, Самара Каримова келини Азиза Каримова он келинге тете экендигин айтып, жаңы төрөлгөн ымыркайга сунуштаган мыкты ысым ээсине сүйүнчү берерин билдирген.

Эске сала кетсек, Сагын Каримов аккордеондо кол ойнотуп көптөгон белгилүү ырларды аткарып келет. Ал жубайы Азиза экөө 2019-жылы 20-июлда баш кошушкан.

 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18