24.kg
17:02, 24 июня 2020, 24.kg

Абактагы экс-депутат Каныбек Осмоналиевге тез жардам чакыртышты

Парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин ден-соолугу канааттандыраарлык. Бул тууралуу УКМКнын пресс-кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 23-июнда айыпталуучу Каныбек Осмоналиев ден-соолугунун начарлап кеткенин билдирген, буга ылайык ага тез жардам кызматын чакырышкан.

«Учурда Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандыраарлык. Ал зарыл болгон медициналык текшерүүдөн өттү, натыйжада дарылануу керектиги белгилүү болду. Аны менен катар айыпка шектүү коронавируска катара ПЦР-анализ тапшырды», — дейт УКМКнын басма сөз кызматы.

Мекеме буга чайин Каныбек Осмоналиевдин адвокаттары УКМКнын кызматкерлеринин арасында массалык түрдө коронавируска чалдыккандар бар деген маалымат таратышканын кошумчалап, жооп берди.

«Адвокаттар тарабынан айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дайыма медициналык текшерүүдөн өтүп турушат», — деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, Алат-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митинги болуп өткөндөн кийин УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди жана мурдакы сот Анар Дубанаевди кармашкан. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18