24.kg
15:27, 24 июня 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Москвадан келери менен өзүн-өзү изоляциялоого кетет

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жана делегациянын өкүлдөрү Бишкекке кайтып келери менен үч күнгө өзүн-өзү изоляциялоого кетишет. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Москвадагы коронавируска карата тестирлөөнүн жыйынтыгы менен президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен сакчы кызматкеринен коронавирус аныкталгандыктан алар 14 күнгө карантинге жөнөтүлөт.

Пресс-кызматынын айтымында, алгоритмге ылайык, президенттин Мосвага учуу сапарынын алдында делегациянын мүчөлөрү жана коштоп бара жаткан жактар коронавируска карата тест тапшырышкан. Баарынын жыйынтыгы жакшы чыккан.

Эске сала кетсек, алгоритмге ылайык, Россиянын борбор калаасында өтүп жаткан Улуу Ата-Мекендик Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата аскердик парадга катышуудан баш тарткан. Анын бирден-бир себеби, президенттин сакчыларынын биринен коронавирус аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18