24.kg
15:11, 24 июня 2020, 24.kg

Таласта санитардык чаралар күчөтүлдү

Талас облусунда дүкөндөрдүн жана базарлардын иштөө тартиптерине чектөө киргизилди. Бул туурлауу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындан ары базарлар дем алыш күндөрү гана иштейт. Ал эми дүкөндөргө 22:00гө чейин гана уруксат берилди.

«Мен өзүм көзөмөлдөйм. Бугай чейин алар ар кандай күндөрү иштеген болсо, азыр бир гана дем алыш күнү иштешет. Дүкөндөрдүн убактысын кыскартканыбыздын себеби элдер түнкүсүн эшикке чыкпасын дедик. Облустан чыгуу жана кирүү өтмөктөрүнө санитардык посттор коюлду, андан сырткары дезинфекциялоочу туннелдерди орноттук», — дейт Марат Мураталиев.

Ал эми аймактын кире беришинде ар бир кирген жаранды Мамлекетти каттоо кызматынын кызматкерлери каттоого алышарын кошумчалады.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 726га жетти, анын ичинен 2 миң 82си айыккандар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18