24.kg
14:41, 24 июня 2020, 24.kg

Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан 42 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан 42 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар корей тараптын уюштуруусу менен T-way авиакомпаниясынын Сеул — Бишкек — Сеул чартердик аба каттамы аркылуу келишти.

Кореядан жана Вьетнамдан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18