24.kg
13:46, 24 июня 2020, 24.kg

Тоо-кен металлургиясынын тогуз кызматкеринен коронавирус аныкталды

Тоо-кен жана металлургиясынын тогуз жумушчусу коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу профсоюздун жетекчиси Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен үчөө айыкты. Элдар Тажибаев белгилегендей, бардык учурлар тармактын ишканаларында байкоо жүргүзүлүп жаткан кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү учурунда аныкталган.

Дээрлик бардык тоо-кен компаниялары кезектеги казуу иштери башталганга чейин жумушчуларды кошумча байкоочу санитардык-карантиндик пункттарга жайгаштырышат, себеби кийинки медициналык текшерүү 5 күндөн 15 күнгө чейинки мөөнөттө болот. Бул көрүлгөн чаралар коронавирустук инфекциянын түздөн-түз өндүрүштүк жайларда жайылышын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18