24.kg
12:55, 24 июня 2020, 24.kg

Бишкекте тыюу салынгандыгына карабай түнкү клубдар иштеп баштаган

Бишкекте кайрадан кафелерге айып пул салынып, футбол аянтчалары, компьютердик жана түнкү клубдар жабылды. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, «Кыргызбай», «Шашлык Парк», «Аист» жана «Жаннет» жалпы тамактануучу жайлары санитардык норманы сактабай 50дөн ашык кардар тейлешкен. Салынган тыюуларга карабай Coyote Ugly жана Metro pub түнкү клубдары иштеп баштаган, алар дагы жабылды.

24-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси боюнча 710 миң сом өлчөмүндөгү 170 протокол түзүлдү.

Эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин № 28, 6, 7 мектептериндеги, «Динамо», «Душанбинка», «Илбирс» жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги футбол аянтчалары жабылды.

Испекторлор «Оюн» жана «Иллюзион» компьютердик клубдарды жабышты.

Буга ылайык иш-каналардын жетекчилерине жана арендаторлоруна Бузуулар жөнүндө кодексинин 293 беренеси боюнча «Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо» негизинде протокол түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18